Чүй облустук Москва районунун райондук соту милиция кызматкерин брусчатка менен урган жаранга карата чечим чыгарды.

 

Маалыматка караганда, айыпталуучуга 4 жыл 7 ай эркинен ажыратуу жазасы чегерилген. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт.

 

 Окуя ушул жылдын 15-мартында Бишкек-Чалдовар автоунаа жолунда болгон. Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу патрулдук милиция кызматкерин көрүп, ылдамдыкты дароо күчөтүп качып кетүүгө аракет жасаган.

 

Чүй облустук ОИИБинин патрулдук милиция кызматкерлери автоунаанын артынан түшүшкөн. Качкан автоунаа алгач «Фольксваген» машинесин уруп, андан ары «Мерседес-Бенц Спринтер» кичиавтобусун сүзгн. Жол кырсыгынан тилекке жараша жабырлангандар болгон эмес.

 

 Айдоочу автоунаасын калтырып, окуя болгон жерден жашырынып кетүүгө аракеттенген. Милиция кызматкерлери аны токтотууга ниеттенишкенде, айдоочу кармашууга өтнөк. Жыйынтыгында, милиция кызматкерлеринин биринин башына брусчатка тийген.