Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина АКШдан саясий башпаанек сураган түгөйлөрдү ойлоп, санааркады.
«Биз алар Кыргызстандан чыгып, АКШнын Мексика менен чектешкен чегарасында кармалганын билебиз. Андан башка эч маалымат жок. Аларга мекенин саткан адамдардай эле мамиле жасап атабыз. Кандай болгон учурда да биздин жарандарыбыз да. АКШдагы биздин элчи аларга эмне болду, жардам керекпи жокпу – маалымат берип расмий маек берсин», - деди Ирина Карамушкина.
Эске салсак, КСДПнын жаштар канатынын мурдагы мүчөсү, жарандык активист Ренат Самудинов менен анын жубайы КТРКнын мурдагы журналисти Элнура Молдокадырова Мексика аркылуу АКШга кирип баратканда кармалышкан. Алар АКШдан саясий башпаанек сураганы маалым болгон.