Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында КР Административдик кодексте  мамлекеттик мекемелерде тамеки тартууга тыюу салынганын эскертти.

 

«Мамлекеттик мекемелерде тамеки тарткандарга айып пул салынат. Ал 500 сом өлчөмүндө. Бирок эч кимге айыппул салына элек. Биздин кызматкерлердин маданияты жок. Айрым депутаттар жана аппараттын кызматкерлери иш бөлмөлөрүндө, дааратканаларда тамеки тартышат», - деди депутат.

 

 Ал: «Эгер мыйзам Жогорку Кеңеште аткарылбаса, анда башка нерселер тууралуу сөз кылбай эле коелу. Биз анан кантип башкаларды мыйзамды сактоого чакырабыз?» - деп кошумчалады.