Кыргызстандагы эң бир маанилүү маселелердин бири – адамдардын иргелгени.
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
«Жол коопсуздугу маселесин ар кандай деңгээлде жүз жолу көтөрүштү, бирок жыйынтыгы жок. Биздеги башкы маселе – адамдардын иргелгени. Бир адам үчүн мыйзам иштесе, экинчи адамга карата иштебейт. Соттор, депутаттар жана министрлер жол эрежелерин бузушса, жоопкерчиликке тартылышпайт. МАИлер жол коопсуздугуна коркунуч келтиришсе, аларды коргошот да жөнөкөй айдоочуларга айыпты үйүп коюшат. Эгер ушундай болуп улана берсе, мыйзам эч убакта иштебейт, кандай чара көрбөйлү жыйынтыгы болбойт», - деди депутат.
Дастан Бекешев адам ээлеген кызматына карабай баары мыйзам алдында бирдей болуп, кылган күнөөсүнө жараша жазасын тартышы керек деп эсептейт.