Россиянын Омск шаарында он бир жаштагы кыз телефондун жарылуусунан жеңил күйүк алды.
РИА Новостинин жазганына караганда, зарядга сайылып турган телефон түн жарымында өрттөнгөн. Телефон зарядга сайылып, кыз жаткан керебеттин жанында турган, а кыз ага жүзүн каратып уктап жаткан. Түнү капысынан телефондон өрт чыгып, кыз 1- даражадагы күйүк алган.
Полициядан билдиришкендей, кызды ата-энеси ооруканага алып барышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөй кийин үйлөрүнө алып келишкен. Абалы канааттандыраарлык.
Кыздын ата-энеси телефон сатып алган дүкөнгө сын-доомат жазышкан. Телефондун сатылып алынганына жыл да боло элек болгондуктан, кепилдиги бар.
Полиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Samsung телефондорунун өрттөнүп кеткен окуялары 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.