2018-жылды “Айтматов жылы” катары жарыялоо чечими Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТЮРКСОЙ) Түркстан (Казакстан) калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу жыйынга катышкан Кыргызстан маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кабарлады. Анын айтымында, 2018-жыл ичинде ТЮРКСОЙ эгидасы алдында бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовга арналган көптөгөн иш чаралар өтмөкчү.

 

Бул жыйында Кыргызстан ТЮРКСОЙдун башкы катчысын шайлоого жана ээлеп отуруу мөөнөтүнө байланыштуу уюмдун Келишимине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Атап айтканда, бир эле өлкөнүн өкүлүнүн башкы катчынын кызматын катары менен көп жолу ээлеп турушун “алгылыксыз” деп эсептерин билдирди. Талкуулардан кийин Кыргызстандын сунушун изилдеп, аны 2018-жылы боло турган жыйынга алып чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

 

ТЮРКСОЙ уюмунун башкы катчысынын кызматын 2008-жылдан бери Дүйсен Касеинов (Казакстан) ээлеп келатат, бул жолу дагы ал көпчүлүк добуш менен кийинки мөөнөткө шайланды (Кыргызстан каршы добуш берди).

 

2018-жылы 25 жылдык маарекесин белгилегени турган ТЮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Түркмөнстан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп турат. ”Түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий эстеликтерин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн түрк элдеринин кызматташтыгын” аталган уюм өзүнүн башкы максаты катары жарыялаган.