Картинки по запросу народный парламент   

«Элдик парламент» коомдук уюмунун ушул тапта абакта отурган мүчөлөрү абак шартына нааразычылык билдиришкен. Бул тууралуу укук коргоочу Зульфия Марат билдирди.

 

 Айтымында, 14 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жазасын өтөп жаткан Бекболот Талгарбеков менен Толубай Колубаевдин адвокаттары абак шарттарына даттанууга ниеттенишип жатышат.

 

 Аларды күн сайын жалгыздап камалуучу камерага киргизишет. «Алар террорист эмес да», - дейт укук коргоочу.

 

 Эске салсак, 2016-жылдын май айында УКМК тарабынан «Элдик парламенттин» бир катар мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгон. Анын негизинде Марат Султанов 10 жылга, Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 6 жылга эрктеринен ажыратылган. Калматов менен Гусевге өкүм шарттуу түрдө чыккан.