Жогорку Кезештин депутаты Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болду. Анын талапкерлигин парламент колдоого алды.
Кызыгы, Шадиев депутаттык мандатын тапшырбайт. Бир убакта эл өкүлү болууга жана башка мамлекеттик жооптуу кызматты аркалоого Кыргыз Республикасынын 2016-жылы кабыл алынган Конституциясы жол берет. Конституция ушул жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирди. Мындай акыбалда бул депутат Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы аткаминер-депутат болду.
Жаңы күчүнө кирген Конституцияга ылайык депутат парламент жыйынындагы добуш берүү укугунан ажытарылбай туруп премьер-министр, же биринчи вице-премьер-министр боло алат.
Айрым депутаттар Аскарбек Шадиевдин ала турган маянасына да кызыгышты. Депутат катары да, вице-премьер-министр катары да айлык алабы дешкендер болду. Бирок, Шадиев депутаттык мандатын сактаганына карабай бир гана маяна – негизги жумуш оруну болгон өкмөттөгү кызматы үчүн алаары айтылды.