Административдик жоопкерчилик Кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анын демилгечиси депутат Эмил Токтошев.
Мыйзам долбоорунда шаардык жана айылдык калк жашаган жайларда адабий тилге ылайык келбеген тексттери бар жарнама жана жарыяларга административдик айып пул салуу чаралары каралган. Андай жарнаманын авторлоруна 500-1000 сом, ал эми юридикалык тараптарга 2-5 миң сом айыппул салынат.
Мамлекеттик тилге жана башка улуттардын тилине этиятсыздык менен мамиле жасаган жооптуу кызматтагылар да айыппулдун өлчөмүн 2-5 миң сомго көбөйтүү каралган.