Күн сайын бирден шумдуктуу окуя болуп турган биздин заманда ушул жума коомчулуктун эсин оодарган дагы бир зөөкүрлүктүн бети ачылды. Анда белгисиз эркек жерде жаткан жаш баланы ичке тепкендиги интернетке жарыяланган. Социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан  жагдайга өтө каттуу пикирлер айтыла баштагандыктан, милиция кызматкерлери анын ким экендигин тез эле аныкташты. Көрсө, бул Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын начальнигинин орун басары Бариер Адиев деген экен жана өзүнүн эки жарым жашар баласын тепкендиги белгилүү болду. Азырынча баланын канчалык деңгээлде жабыркагандыгы белгисиз. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги зөөкүр кызматкер жумуштан бошотуларын билдирсе, ички иштер министрлиги “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынгандыгын кабарлады. Укук коргоочулар болсо өз баласын тепкен атаны укугунан ажыратуу талабын да коюшууда. Ооба, өз баласына ушундай жырткычтык мамиле жасаган ата сөзсүз мыйзамга ылайык жазасын алыш керек. Анын мисалы башка да зөөкүр ата-энелерге сабак болууга  тийиш. Бирок чоң адамдардын ушунчалык агрессивдүү болуп, күчү жеткен алсыздарга, өзгөчө өзүнүн балдарына кол көтөрүп, уруп-сабап жатышынын себеби эмнеде? Коомубуз, турмуш өзү ушундай зөөкүр болуп кеткен жокпу?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.