Эзелтен эле эл ичинде “тажик байыса там салат, кыргыз байыса катын алат”,- деген сөз айтылып келе жатпайбы. Чубак ажынын экинчи аял алганын ачыктап ийгени биздин бай-манаптарга сары майдай эле жакты. Анткени, кыргыздын көзгө көрүнгөн белдүү бай адамдарынын дээрлик токсон пайызы жашыруун экинчи, үчүнчү аялы менен жашап келе жатышат. Булар жогоруда биз келтирген элдик ылакаптын талаптарын толугу менен аткарып келаткандар...

 

Бирок, байыры менен экинчи, үчүнчү, төртүнчү аялга үйлөнгөн бул көпөстөрдүн кылыгы көпчүлүк калктын кыжырын гана келтирет. Эң ириде элдин арты менен байыганын унутуп көпкөн бул эр-азаматтарга коомдук-саясий ишмер Камчыбек Ташиев үлгү болушу керек. Дегенибиз, “Ата-Журт” партиясынын лидери жеке өзүнүн маңдай тери менен тапкан каражатын кайра эле элге жумшап, жакшы өрнөк көрсөтүп келет. Эл катары эле тамактанып, кийинип, балдарына да ушул үлгүнү көрсөтүп келе жаткан Камчыбек Ташиевдин айтымында, “ааламга кеткен жол айылдан башталат, ошондуктан, алгач өзүң туулуп-өскөн айылыңа, андан соң районуңа, барып анан өлкөңө өнүгүп-өсүүсү үчүн кызмат кылуу ар бир кыргызстандыктын милдети болушу керек”. Жарым ай мурда Барпы айыл өкмөтүнүн Боз-Чычкан айылында дээрлик 2 чакырымга созулган жолду салып бүтүп, ачылыш салтанатына уулдарын ээрчитип барып мындай деп айтты эле: “Мына мен бул жерге баламды атайын ээрчитип келдим, анын жанында айылдын жаштары да турат, мен бул ишти ушул балдарга үлгү болуш үчүн жасап жатам. Менин баламбы, башка айылдын келечектүү жигитиби, ким болбосун, ийгилигинин башаты ушул айыл экенин унутпашы керек. Эртең Кудайым буйруп, чоң кызматка барып, же байып кетиши мүмкүн. Ошондо айылыңды унутпай, жок дегенде 1 метр жерге асфальт төшөп койсоң, ал сенин кийинки муун үчүн көргөн камкордугуң болуп калат. Анткени, ушул жол менен биздин балдарыбыз, кыздарыбыз күн сайын басат. Мектепке жеткенче чаң, ылай болушат экен. Унаа бул жакка өтө албай калганда, аталар, апалар керектүү нерсесин эшек же ат менен ташыйт. Менин жолго кызыкканым, ушул ишти колума алганым да келечек муунга камкордугум, айыл элинин жашоо-турмушун бир аз болсо да жакшыртуу аракетим”.

 

Кана айтыңызчы, сиз башка бир байдын же чиновниктин өзүнүн туулуп-өскөн айылына барып, бир метр асфальт төшөгөнүн же көпүрө салганын көрдүңүз беле? Алар негизинен шайлоо учурунда эле барып, “мен ушул жакта туулгам, мени колдошунар керек!”- деп төш каккандан башкага жарабайт! Мурда, көзү тирүүсүндө Баяман Эркинбаев Баткенде кол жетпеген айылдарды бириктирип, көпүрө салганын гана азыр эстесе болот. Мына, азыр Баямандын атын өчүрбөй, эл даңктайт, балдарына анын атын ыйгарышат. Демек, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”- деп атактуу кыргыз акыны Аалы Токомбаев абдан туура мүнөздөгөн экен. Биздин долларовый, мульти миллионерлер деле ушул сөздү көкүрөгүнө бекем туюп жүрсө жакшы болбойт беле!

 

 

“Мен байлыкка, атак-даңкка кызыккан эмесмин. Атам бизди ушинтип тарбиялаган. Эгер элиңе пайдаң тийбесе, жигит болуп бутуңда турганыңдан эмне пайда? Ушундай мааниде көп айткан. Анан да балалыгымды көп эстейм. Айылдын жолдору жол деле эмес экен. Жазында да, кышында да баткакка батып, эртең менен кийген кийимибиз мектепке барып келгенче өңүнөн кетип калчу. Ошол элес көз алдымдан кетпейт. Айылга көп барам. Бул мен үчүн эң сонун эс алуу. Ошондо кыдырып, карайм. Азыр да менин эсебим боюнча айыл өкмөтүнүн аймагында дагы 15 чакты майда көчөлөр калды. Анын баарын колдон келип турган кезде бүтүрүп берүүгө аракет жасаймын”,- дейт Камчыбек Кыдыршаевич.

 

Коомдук-саясий ишмердин бул сөзүнө кезектеги жолдун ачылышы далил. Өткөн жумада Төөлөс айылынында К.Ташиевдин жеке каражатынан салынган дагы бир жаңы жолдун ачылыш салтанаты орун алды. Ушунусу менен, дээрлик айыл өкмөтүнүн бардык жолдору бүтүп калды. Мамлекет бир килограмм шагыл төгүп койгонго жарабай турган заманда К.Ташиев жалпысынан Барпы айыл өкмөтүндөгү жолдорго 30 миллион сомдой каражатын жумшап, сооп иш жасаганын жергиликтүү айыл өкмөт башчысы Абсатар Сыргабаев маалымдады.

 

Төөлөстүн тургуну Анаркан Жээнбаева: “Ушул жол азабынан абдан кыйналчубуз. Бутубуз ылайга тыгылып же машине жүрбөй, азаптын баарын тартып келдик. Эл уулу экен, Камчыга Кудайым өмүр берсин!”- дейт. Ал эми аксакал Абабакир Кадыров: “Камчыбек элдин, жаштардын бактысына жаралган экен. Бул жакшылык жерде калбайт”,- деди.

 

Барпыда учурда жолдору асфальтталып, спорт залы, футбол аянтчасы салынды. Мунун баарына Камчыбек Ташиев себепкер болду. Кээ бир адамдар айылына бир кыш салганга жарабай туруп, “өзүнүн айылына эле жасай берет”- деп жазып жатышат. Камчыбек Ташиевдин жакындан билген адам катары айта кетүүм абзел – “Ата-Журт” фракциясынын лидери болуп турганда элге көрсөткөн жардамдарын тизмектей келсек, барак көбөйүп кетчү. Бир да депутат же фракция жетекчиси мынчалык соопчулук иш жасаган эмес. Ошу, Баткени, Чүйү, Көлү, Нарыны, Таласы – географиясы чоң. Арийне, Алла Таала жолун ачса, бардык аймактын шартынын ушундай болушу үчүн жан үрөгөнгө даяр турат. Буга мисалы бир жума мурда Таш-Көмүр шаарына спортзал салып бүтүп, колдонууга бергени далил боло алат.

 

“Мен үчүн түндүгүм да, түштүгүм да бир бүтүн, бир Кыргызстан! Элимдин бактылуу турмушу үчүн мындан ары да бул иштеримди уланта берем!”- дейт Камчыбек Ташиев. Мына, К.К.Ташиевдин феномени! Эми Камчыкенин бул ураандарын принцип кылып ала турган Кыргызстанда башка да эр азаматтар барбы, кеп ошондо...

 

Нургазы Анаркулов