Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Суравалдиева эки аялдуулук маселесине кайрылды.

 

«Чубак ажы экинчи аял алганын айтып, башка эркектерди да ага үгүттөп жатат», - деди депутат.

 

Эске салсак, Чубак ажы Жалилов экинчи аялга үйлөнгөнүн коомчулукка жарыялаган.

 

«Бизде мыйзамда эки аялдуулукка тыюу салынган. Бирок, эки аял алууга ачык чакырык ташталып жатат. Анда бизге мыйзамдын эмне кереги бар? Эки аялдуулуктун кесепети толтура, азыр байкабасак да бир нече муундан кийин бумеранг болуп кайтып келет», - деди Суравалдиева.