Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

 

Депутаттар 2017-жылдагы бюджетти карап жатышат.

 

Депутат Дастан Бекешев Ысык-Көл облусунун тургундары Балыкчы-Корумду унаа жолунунун курулуш иштери боюнча арызданганын билдирди.

 

Айтымында, курулушта иштеген жергиликтүү тургундар айлык маянасын алыша элек.

 

 Премьер-министр Сапар Исаков: «Биз «Лонг Хай» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азыр маселе чечилип жатат. Бирок, бул жылы долбоорго акча каражаты каралган эмес. Ошондуктан азыр курулуш иштери токтоду. Келечекте кайра жанданат», - деди.

 

Белгилешинче, 3- Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата жолго жаңы асфальт төшөөгө туура келет. Кийинки жылы каражат табууга аракет жасалат.

«Азыр  подрядчиктерге карызыбыз бар», - деди өкмөт башчы.

 

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушу 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен башталган.