Соцтармактарда мамномерлүү  автоунаанын айдоочусу  жол кыймылын одоно бузганын чагылдырган видео тарады.  

 

Бишкектин жолдорунда мамномерлүү  автоунааны айдаган айдоочу жол кыймылын одоно бузуп, каршы тараптагы жолго чыккан. Анын алдынан өз багыты менен бараткан автоунаа чыкканда мамномерлүү  автоунаанын айдоочу жол бошоткон бирок, машина жанынан өтүп баратканда ортоңку манжасын көрсөткөн.

 

Бул видеону экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов соцтармактагы баракчасына койгон.

 

Айдоочуну патрулдук милиция кызматкерлери түнү кармашкан. Маалыматка караганда, айдоочу 22 жаштагы жигит болуп чыккан, анын айтымында, 0003BB номерин «Манас» абамайданы тараптан таап алып, бир аз көңүл ачууну ойлонгон. Азыр бул мамномер кимге тийиштүү экени аныкталып жатат.  А автоунаа айдоочунун өзүн катталган.