Казакстандык Tengrinews.kz маалымат порталы "В Кыргызстане начали проверять девственность школьниц" деген темада макала жарыялаган. Алар маалыматтын булагы катары кыргызстандык маалымат порталы Вести. Kgге шилтеме беришкен.
Макалада Кыргызстандагы мектеп окуучу кыздарды гинекологдун кабылдамасына алып барып, интимдик жашоого аралаша электигин текшерүүгө алышканы жазылган.
Ал эми аталган кыргызстандык маалымат порталы Өзбекстан окуучу кыздарды гинекологго алып барып текшере баштады деп жазып, макала соңуна Кыргызстандын да айрым аймактарында мектептин жогорку класстарында окууган кыздарды текшерүү болуп жатканын белгилеген.