Карелиянын тергөө комитети Кыргызстандын 38 жаштагы жаранынын ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу орусиялык сайттар жазышты.

 

Маалыматка караганда, 2002-жылы Кондопогидеги ишкер өнөктөшүнүн эсебин табууну чечкен. Бул үчүн ал кайтаруучулардын тобуна кайрылып, акча сунуштап, киши өлтүрүүгө макулдаткан. Бир катар ортомчулар аркылуу кылмышты жасай турган адамдарды табышкан. Алардын арасында Кыргызстандын азыркы айыпталып жаткан жараны да болгон.

 

Алар ишкердин өнөктөшүн шаар сыртына алып чыгышып, бычакташкан.

 

Кылмыштын бети арадан 15 жыл өткөндөн кийин ачылган. Кыргызстандык жаран март айында Новосибирскиде кармалып, Карелияга алынып келинген.

Ал 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.