26 жаштагы кыргызстандык Россияда полиция кызматкерине пара сунуштаганы үчүн айыпталды.

 

Невель районунун тынчтык судьясы Кыргызстандын 26 жаштагы жаранына байланышкан кылмыш ишин карады. Жаран полиция кызматкерине пара сунуштаган.

 

Бул тууралуу Россиянын прокуратурасынын сайтында жарыяланды.

 

Маалыматка караганда,  2017-жылдын 9-июнунда айыпталуучу автоунаада баратып, жол-көзөмөл кызматынын кызматкерлерине туш келген, административдик жоопкерчиликтен качу максатында кызматкерге 1500 рубль сунуштаган. Анткени, анын ошол маалда айдоо күбөлүгү болгон эмес.

 

 Бирок, полиция кызматкери параны албай, айдоочунун үстүнөн арыз жазган.

 

Сот айыпталуучуга 5 000 рубль айып пул чегерди.