«Кылым шамы» укук коргоо борборунун укук коргоочулары Кыргызстан Муфтиятынын мурдагы башчысы Чубак ажы Жалиловдун үстүнөн Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылууну ниеттенишүүдө.

 

Бул тууралуу аталган укук коргоо борборунан Азиза Абдрасулова билдирди.

 

Айтымында, Кыргызстандын ар бир жараны мыйзам алдында бирдей жана мыйзам жоопкерчилигинен эч ким кача албайт.

 

«Өлкөнүн муфтиянын мурдагы башчысынын экинчи аял алганы тууралуу кабарын көзөмөл органдар көңүл сыртында калтырбашы керек», - деген укук коргоочу Бишкек шаардык прокуратурасынан Чубак ажы Жалиловдун видеосунда айтылган сөздөргө укуктук баа берүүнү өтүндү.

 

Эске салсак, Чубак ажы видеодогу интервьюсунда экинчи аял алганын айтып, башка эркектерди өзүнүн жолун жолдоого чакырган.

 

КР Кылмыш жаза кодексинде 153-беренеде көп аялдуулук маселеси камтылган. Көп аял алгандарга  2 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.