Убактылуу кармоочу жайдан төрт шектүү качып, анын экөөсү кармалган.

 

Кармалгандар көрсөтмө беришти.

 

Алардын бири Рамил Базаркулов эмнеге жана кайда качаарын билишпей эле качып кетишкенин айткан. Алар дароо Бишкекке барышкан. Планды баары чогуу түзүшкөн. Ойлонулбаган кадамга барганы үчүн өкүнүп жатканын билдирген.

 

Экинчиси Дилдошев дагы эмнеге качканын билбей турганын айткан.

 

Эске салсак, Сокулук райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайынан оор кылмыштарга шектелип жаткан төрт адам качып чыгышкан. Алардын экөө бир сутканын ичинде Бишкектен кармалышкан.