Президент Сооронбай Жээнбековдун жумушка эртең менен эрте келе жатканын ЖК депутатынын жардамчысы Улан Жумаков видеого тартып алып, соцтармакка жайгаштырган.
Ал белгилегендей президенттик кортеж 7:45те Акүйгө кирген. Ал: «Саат тогузда, жолдо автоунаалар көбөйгөн кезде аларды токтотуп, жумушка келгенге караганда эртең менен эрте келгени жакшы экен», - деп жазган.