Сокулук райондук ИИБиндеги убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен төрт шектүүнүн экөөсү кармалды. Бул тууралуу укук коргоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектен Бакыт Дилдошев менен Рамил Базаркулов 28-ноябрда кармалган.
Милиция дагы эки шектүүнү: Бактияд Ачылтурдиев менен Кайрат Жамботоевдерди издөөнү улантууда.
Бактияд Ачылтурдиев Түркмөнстандын жараны, Жалал-Абад облусунда жашап турган. Каракчылыкка шектелген.
Кайрат Байысбекович Жамботоев, 1989 –жылы туулган, Чүй облусунун тургуну. Киши өлтүрүүгө шектелген.