Аны менен гана токтоп калган жок. Дале кырсыктар болуп, күн сайын бейкүнөө өмүрлөр кыйылууда. Качан токтойт? Интернеттен, телевизордон жаңылык угаарда жүрөкзаада деле болуп бүттүк, “дагы бир аварияны айтып жибереби”- деп.
Бул жагдайга байланыштуу жогору жактагылардын баштары катып, эреже бузган айдоочулар үчүн жазапулду дагы көтөрүүнү пландаштырып жатышканы маалым. Тилекке каршы, жазапулду миллион сомго көтөрүп койгон ченде деле кырсыктар кайталана бериши мүмкүн. Андан көрө маданиятыбызды көтөрбөйлүбү, айланайындар! Көчөдө кетип бара жатып айланаңарга, жолуңарга көз жүгүркүлөчү: машинанын майларынын тамчысынан пайда болгон кап-кара тактар менен адамдардын балчыраган түкүрүктөрүнөн көңүлүң айланат. Машинасын айдап баратып да түшүрүлгөн айнегинен жолго түкүрүп коюп бара жаткан айдоочуларыбызды көрүп жүрөбүз. Ал эми жөө жүргүнчүлөрүбүздүн көчөдө басып баратып какырынып-түкүрүнгөнүн айтпай эле койолу. Ошол учурда айланасындагы карап турган ондогон адамдардан уялбай, жолду да өзүн да сыйлабагандар, эмне, жол кырсыгы тууралуу ойлонот дейсиңерби? Ойлонуш үчүн кичине да болсо акыл керек, маданият керек. Тооктукундай да мээси болбосо, анан кайдан...
Ооба, маданиятыбызды көтөрөлү, туугандар. Майлары тамчылаган машиналарыбызды го чет өлкөнүн эски машиналары дейли. Жолго түкүрүнгөндөр чет өлкөлөрдөн ташылып келинген “эски” адамдар эмес эле өзүбүздүн Ала-Тообузда төрөлүп-өскөн “жаңы” адамдарыбыз го. Ошон үчүн, урматтуу туугандар, эгер көрүп калсак, түкүрүнчөөктөрдү уяткараалы, эстерине келтирели. Көчөдөн кездешкенде бири-бирибизге сылык мамиле кылып жүрөлү, бейтааныш экен жөөлөп өтүп кетпестен. (Кээ бирөөлөр жөө жүргөндө эле бирөөлөрдү сүзүп кете берет, ал эми машина айдап калса көп кырсыкка кабылса керек.) Аялынын жемесине “ууланып”, же бирөө менен сөгүшүп кеткенден кийин жолдо ачуулуу рулду башкарып баратып кырсыкка кабылып калгандарды да укканбыз. Рул кармаарда эч ким менен кайым айтышпай, жакшы маанайда болсок, жол талашып эч ким менен сөгүшпөсөк, астыда бараткан машинанынын алдына олдоксон түрдө өтө калууга аракеттенбей, бири-бирибизге маданияттуу мамиле жасасак, кырсык деле болбойт. Кырсыктын болушу, болбошу өзүбүздөн эле.
Сөз оролу келип турганда, 18 жашка чейинкилерге айдоочулук күбөлүк берилбесин деген ойду айткан депутаттарыбыга биз да кошумча сунушубузду айта кетели:
Автомектепти окуп бүткөндөн кийин эң жок дегенде бир жылга чейин убактылуу айдоочулук күбөлүк берилсе. Ушул аралыктын ичинде ата-энесинин, же бир улуу адамдын көзөмөлүсүз машина айдоого тыюу салынса.
Орозбек Бөрүгулов
Булак: "Майдан.kg"