Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары депутаттарга депутат Аида Салянованын өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан атылган иниси Улан Саляновдун иши кандай деңгээлде жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди.
“Аида Жеңишбекова бир тууганынан ажырады, бир тууганга күйүт күчтүү болот. Ал өз оюн ачыкка чыгарса, биздин бир аксакал кесиптешибиз аны бир басылмага сындаптыр. “Бул шизофрениянын жеткен чеги” деп чыгыптыр. Илгери кыргыз жакынынан ажыраган адамга кайрат айтчу, азыр каргыш айтып, табалап чыкчу болдук. А силер, ИИМ, кылмышкерди эртерээк тапкыла!” – деди депутат Садык Шер Нияз.