Чүй облустук ИИБинин маалыматына караганда, ушул жылдын июль айында жоголгон баланын дайыны дагы да чыга элек.
Москва райондук ИИБи 2003-жылдын 24-сентябрында төрөлгөн Сыймык Карчыбековду издөөсүн улантууда. Бала жоголгонго чейин Москва районундагы Ак-Суу айылында Топлева көчөсүндө жашап турган.
Маалыматка караганда, өспүрүм 2017-жылдын 6-июлунда үйүнөн чыккан да ошол бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: боюу – 150-155 см, арыкчырай, чачы кара, кыска, буудай өң, көзү кара. Кара түстөгү шорта, кара түстөгү футболка, кара түстөгү кепка, кара түстөгү сандаль кийинген.
Сүрөттөгү өспүрүмдү көрүп-билгендер, же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, Чүй облустук ИИБине: 0312 43 01 27, 0312 43 88 85, Московского райондук ИИБине: 0312 60 77 27, 0550 22 17 17, 0701 15 85 81, 0701 15 85 43 чалууcун суранышат.