Саламаттыкты сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча адиси Бермет Барыктабасованын маалыматына караганда, Кыргызстанда оорукчандарды дарылайм деп алдап каражатын алган шарлатандардын саны өсүүдө.
«Кепилдендирилген медициналык кызмат көрсөтүү бардык жарандарга эле жетимдүү эмес. Айрыкча айылдыктар, жаш балдар, майыптар, онкологиясы бар адамдар, тубаса патологиялууларга жана жада калса айыгууга оңой болгон ооруга кабылгандарга да дайым эле медициналык кызматтан пайдаланууга жеңил боло бербейт. Ошондон улам элдик медицина деген аталыштагы дарылоолор пайда болду. «Бардык дартты айыктырам» деген жарнама жоопкерчиликсизден, кылган иши үчүн жазасыз калуудан улам жаралып жатат».
Айтымында, мыйзамсыз жана тыюу салынган, медицинага эч кандай тиешеси жок жарнамалар теле жана башка маалымат каражаттарына толуп калды.
«Шарлатандар эч нерсеге кепилдик бербейт. Табыптар, тамырчылар, бадды сатуучулар калктын каражатын чыныгы медициналык кызмат көрсөтүүдөн да эки эссе көп кагып алат. Анан да дартты айыктырууга кепилдик бербейт, алган акчасын кайра кайтарышпайт», - деди Барыктабасова.
« Шарлатандарга көбүнчө ишенчээк улгайган адамдар жана онкологиялык, же өнөкөт дарттары бар адамдар алданып калышат»,- дейт адис.
«Онколог, невролог, хирургдар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер көбүнчө пациент ооруканага кеч кайрылышат деп арызданышат. Же дарылануудан баш тартып, элдик дарыгерлерге кайрылышат экен. А кийинчерээк кайра эле ошол адамдар медиктерге кыйналган, акыбалы эки эссе начарлаган акыбалда келишет: шарлатандар аларды тамеки, ысык таштар менен денелерин күйгүзүп, ачкалыкта кармап, белгисиз чөптөрдөн жасалган суусундуктарды ичүүгө мажбурлашат экен», - деди Бермет Барыктабасова.
Айтымында, мындай акыбалдагы оорулуулар ооруканага өтө кеч кайрылышат да, айрымдарын сактап калууга мүмкүн болбой калат.
Ал элди элдик медицина дегенди бетине кармаган шарлатандарга алданбай, кепилдиги бар медицинага гана ишенүүгө чакырды.