Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар Аида Салянованын киши колдуу болуп каза тапкан иниси Улан Саляновдун өлүмү кандайча иликтенип жатканына кызыгышты.
Кайгылуу окуя 5- ноябрда болгон, андан бери жарым айдан ашуун убакыт өттү. Депутаттар ушунча убакыт аралыгында укук коргоо кызматтары бул кылмыш боюнча бир да маалымат таап чыга албай жатышканына нааразы болушту.
Алар өкмөттү, анын ичинде ИИМ, УКМК өкүлдөрүн парламентке чакырып, жасап аткан аракеттери тууралуу маалымат берүүсүн сунушташты.
«Үйүнө кирип атып кеткени, болгондо да үйдөн эч нерсе жоголбогону, бул каракчылык эместигин айтып турат. Кандай максатта бул иш болгонунун аныгына жетиш керек», - деген депутат Искак Масалиев ИИМ өкүлдөрүн чакыруу керектигин белгиледи.
Депутат Каныбек Иманалиев: «Жаап-жашырган сайын саясатка айлана баштайт. Бул иштин саясатка байланышын каалабасак, анда маалымат ачык берилсин», - деди.