Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Казакстандан уурдалды деген "Lexus 570" автоунаасы быйыл 22-мартта 2 миллион 771 миң сомго техникалык паспорттогу жалган маалыматтар менен сатылган.
Маалыматка караганда, 9-июнда кыргызстандык жаран милицияга кайрылып, автоунааны саткан Мурат жана Нурик аттуу чала тааныштарына карата арыз жазган. Арыздан улам ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы "Алдамчылык" жана "Документти, мөөрдү, бланкты ж.б. мыйзамсыз жасоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Автоунаа айып төлөнүүчү жайга токтотулган. Бул иш боюнча эки киши кармалып, камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Аны менен катар Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Казакстандан уурдалган автоунааны сатып алган аялдын да, аны айдап жүргөн УКМК кызматкеринин да башкы прокурордун орун басарына туугандык жайы жок экенин белгилеген.
Эске салсак, казакстандык жаран Ахметов быйыл февралда 65 миң долларлык автоунаасын уурдатып, ал кийинчерээк Кыргызстандан табылганын, бирок, автоунааны айдап жүргөн адам КР УКМКсында иштегенден, ошондой эле КР башкы прокурордун орун басарынын күйөө баласы болгондуктан, автоунааны кайтарып берүүдөн баш тартып атканын казакстандык басылмаларга билдирген.