Бул тууралуу Ысык-Көл ИИБинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, КР ИИМинин кызматкерлерине Ысык-Көлдөгү Чок-Тал айылында жайгашкан кашарда эларалык издөөгө берилген казак жараны  жашынып жүргөнү тууралуу кабар келген.

 

Текшерүүнүн алкагында Казакстандын 36 жаштагы жараны Жоробек С. кармалган. Ал өз өлкөсүндө киши өлтүрүү боюнча шектелип, издөөгө берилген. Анын жанынан Макаров тапанчасынын жети огу табылган.

 

 Ошондой эле, аны менен чогуу Казакстандын дагы эки жараны: 29 жаштагы Давлет У. жана 25 жаштагы Нуртаз Е. кармалган.