15-ноябрда Барпы айылында “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин демилгеси жана каржылык колдоосу менен бүткөрүлгөн дагы бир жолдун ачылышы болду. Жалпысынан 4 километрге созулган Барпынын чок ортосунан башталып, Боз-Чычкандын дөбөсүнө карай кеткен таштак, чаң ызгып турган жолдун бир заматта керемет, көз жоосун алган тептегиз асфальтка айланганына жергиликтүү тургундар кубанганынан көздөрүнөн жаш агат. Анткени, бул жолдон мал-жандыктардан баштап, мектептеги балдарга чейин күндө басып өтүшөт. Айрыкча, велосипед, ролик тээп сүйүнгөн жаш балдардын кубанычы чексиз. Кийими чаң болбой мектептен келаткан уул-кыздарын көргөн ата-энелердин сүйүнүчүн айтып бүтүү кыйын.

 

Барпы айыл өкмөтүн жетектеген Абсатар Сыргабаевдин айтымында, быйыл К.Ташиевдин жардамы менен Барпыда ачылышына биз күбө болгон жолдон сырткары жаңы футболдук аянтча да пайдаланууга берилет. Аз күндө дагы бир жолдун ачылыш салтанаты болот. “Биз Камчыбек Кыдыршаевич агабыз менен сыймыктанабыз. Чындыгын айтыш керек, башка айылдардын да колунан иш келген уулдары бар, бирок, алар тапканын минтип элге жумшаганын көргөн эмеспиз”,- дейт ал.

 

Өз кезегинде Камчыбек Ташиев азыркы ачылышы болуп жаткан жолдун курулушун 2006-жылы баштаганын, ортодо кыйынчылыктар болуп, токтоп калганын, ошол маалда мамлекет жок дегенде бир метрин жылдырып койгонго жарабай койгунун, бирок, акыры минтип өзү бүтүргөнүн айтты. “Айрым саясатчылар айылына шайлоо башталганда эле баш багып калышат. Бир көрүнүктүү иш жасай турган болсо, андан пайда алууну көздөйт. Менин мындай максатым эч качан болбогонун сиздер, урматтуу айылдаштарым, жакшы билесиздер! Мен мунун баарын сиздердин жана Алла Тааламдын ыраазычылыгы үчүн жасап келатам. Анткени, мен мына ушул адырларда мал багып, топурактарына оонап, чаңын жыттап чоңойгом. Ошондуктан, биз бул жерге кызмат кылууга милдеттүүбүз! Мен мунун баарын жаттап алып айтып аткан жокмун, чын дилимден, ички дүйнөмдон чыгып олтурат. Анткени, биздин дагы артыбыздан өсүп келе жаткан муун бар. Алар биздин жакшы иштерибизден үлгү алсын деп жатам. Эртеңки күнү жакшы даражага жетсе, айылына унутпасын, келип, колдон келген жардамын берсин. Мен Барпынын ортосунан бул жолду сала баштаганымда, Боз-Чычкандын 20-30дай аксакалы барып, “Камчы, ушуну токтотуп койбой, бүтүрүп бер, мейли бир жылдабы, он жылдабы, аягына чыгар”,- деп үмүт менен айтты эле. Ошол аксакалдардын азыр карасам, беш-алтоосу эле олтурат ушул жерде. Көбү бүгүнкү жакшылыкты көрбөй калды. Ошентсе да, бүгүн биз алар үмүт эткен чоң ишти бүтүрдүк. Жол эл жашаган жерге чейин бүттү. Эми нары адырларды карай дагы 1 километрдей бөлүгү бар, аны да буюрса кийинки жылдарда салабыз”,- деди ал.

 

Жергиликтүү тургундар К.Ташиевге ак чепкен жаап, ак калпак кийгизип, батасын беришти.

 

К.Ташиев элге жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун саламын айтып, анын жана өзүнүн атынан президенттик шайлоодогу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.