Дүйшөнбек Зилалиевди премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен президент вице-премьер-министрлик кызматтан бошотту. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн президенттик расмий сайты маалымат таратты.
Анда Зилалиевди кызматына бошотуу "башка кызматка өтүп жатканына байланыштууга байланыштуу" деп жазылат.
Башка кандай кызмат болгон күндө да Зилалиев жогорулап кеткен жок. Вице-премьер-министрден жогору турчу премьер-министрлик кызмат, же президенттик, спикрелик орундар да бош эмес.
Демек, буга чейин Зилалиевдин президенттик шайлоо боюнча республикалык штабгды жетектеп турганда Баткенде эл менен жолугуп, бийликтин талапкерине үгүттөгөнү, ал үчүн премьер-министрден катуу сөгүш алганы, андан сырткары ал чехиялык "Лигласс" компаниясы менен ГЭС куруу тууралуу кол койгон келишим да кийин ишке ашпай калганы, кечээ мөңгү чатагында да коомчулуктан бир топ "сөккүлөрдү" укканы да эске алынды болуш керек.
INTER.KG