Президент Атамбаев каторгада жүргөндөй эмгек кылганы куру бекерге кетпегенине ыраазы болду.
Ал бул тууралуу мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
«Былтыр жүрөгүм ооруп калганда карапайым элден колдоо таптым. Ошондо, мен куру бекерге эмгек кылбаганымды түшүндүм. Азыр өлкөнүн эртеңи үчүн санам тынч. Анткени, сиздердей болгон адамдар бар», - деди президент. Ал бул сөздү сыйлык алуучуларга багыттады.
Ошондой эле президент бүгүнкү күндө Кыргызстан өзгөрүп, адамдар да башка сапаттарга ээ болгонун белгиледи.
«Танкалар баткактан коркпойт деп коюшат. Биз да алдыга гана жылабыз», - деди президент.