Эл өкүлдөрү эртерээк эле бүгүнкү жумуш күнүн соңуна чыгарууну каалап жатышкандай. Күн тартибинде Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болгон, керек болсо өмүр менен өлүм суроосуна айланган маселе илинип турганы менен иштери жоктой.

 

Депутат Алмазбек Эргешов өкмөт өкүлдөрүнүн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн чет өлкөлүк компаниянын карамагына берип, түбүнөн алтын казуу үчүн талкалай берүүсүнө уруксат берген мыйзамдолбоору талкууланып аткан учурда трибунага чыга келди.

 

«Суроолорго чектөө коелу», - деп сунуштады ал спикерге.

 

Спикер Дастан Жумабеков депутаттарга эскертти: «Бул акыркы талкуу. Үчүнчү окууда суроо-жооп болбойт. Ошентсе да, депутаттын сунушун добушка коем».

 

Спикер кесиптештери өлкө үчүн маанилүү болгон маселени жиликтеп, ийне-жибине чейин талкууга алып, түбүнө жете түшүнүш үчүн суроолорго чектөө койбосо керек деп үмүттөндү окшойт. Чынында, биз да ошентип үмүттөндүк. Келечек, келечектин таза суусу, ата-бабалар жердеген жердин тунук мөңгүсү үчүн бир күн креслодон жылбай какыйып отуруп коюш кыйын эмес го!

 

Бирок, тилекке каршы 56 депутат суроолорго чектөө коюуну колдоп, 3 гана депутат каршы болду.

 

Бул – мөңгүгө парламентте отурган депутаттардын 90 пайызы кайдыгер экенин кабарлайт. Мөңгүгө кайдыгер болгону өлкөнүн эртеңине кайдыгер экени.

Иши кылса, элибиздин ардактуу өкүлдөрүнө арнай турган сөз да жок…