Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн мөңгүнү сатуу боюнча мыйзамдолбоорунун башкы жактоочусу болуп жатканын баамдоого болот. Мөңгүнү иштетүүгө уруксат берүү жана башка актанууларды арыга коюп, ачык эле, «мөңгүнү сатуу» деп айтууга болоорун депутат Элвира Суравалдиеванын суроосуна берилген жооп далилдеди.

 

-Мөңгү үчүн он  эки миллион сом алат экенбиз, ошондо биз аны саттыкпы?

 

Зилалиев мындайча жооп берди:

 

-Жок.

 

-Анда кандай?

 

-Акчаны албай деле кое беребиз, бирок, баары бир мөңгү жоголуп кетет.

 

Мына ушундай! Вице-премьер-министрдин айтымында, мөңгү табигый эрүүгө туш болушу мүмкүн. Өкмөттүн тапкан шылтоосун карап кой...