Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалымат каражаттары Таластагы тынчтык митингин уюштургандардын бири, жарандык активист Шамбет Кубатбековду милиция кызматкерлери кармап кеткенин жазып чыгышкан. Андан тышкары дагы бир уюштуруучу да кармалганын белгилешкен. Бул митингге байланыштуу деген божомолдорун айтышкан.
ИИМдин жообу көпкө күттүрбөдү. Министрлик бул боюнча расмий билдирүү таратты: «Шамбет Кубатбековдун кармалышы митингге такыр тиешеси жок!»
Маалыматка караганда, аны бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонгон фактысы боюнча кармашкан. Шамбет Кубатбеков мамлекеттик кызматта иштеп турганда, бюджеттик каражаттарды ыксыз колдонгон деп шектелүүдө.