Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүк саат болду. Ар кайсы тармактагы аткаминерлер депутаттарга өлкөдөгү бала бакча жана мектеп маселелери боюнча маалымат беришти.
Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулованын айтымында, шаарда сегиз мектеп жана он төрт бала бакча курууга орун даярдалды. Ошондой эле кайсы жерге мектеп куруу ыңгайлуу болсо, ошол жерге имаратты түптөө идеясына да мэрия макул болгон.
«2018-жылга жети мектеп куруу долбоорлонууда. Бишкекте жыл сайын төрт мектеп курулат», - деп маалымдады вице-мэр.
Депутат Улукбек Ормонов жыл сайын мектеп курулат, бирок, бул жааттагы маселе дагы деле курч бойдон калып жатканына токтолду.
«Эмнеге өлкө боюнча жыл сайын ондогон мектептер, бала бакчалар курулду деген маалымат алабыз. Курулат дегени андан да көп. Бирок, дагы деле мектеп жетишпейт, бала бакча жетишпейт. Эмнеге?» - деген суроо узатты депутат.
Депутат Ирина Карамушкина жеке бала бакчалардын жолун жолдоп, мамлекет особняктарды сатып алып, ага бала бакча ачуу сунушун жолдоду.
«Азыр жеке менчик бала бакчалар особняктарда ачылып атат. Мамлекет да особняк сатып алып, бала бакчага айлантса, бир топ арзан түшчүдөй», - деди депутат.