Бүгүн, таңкы саат 7:40 чамасында Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышка карата 43- чакырымда, Караколдон түштүк-батышка карата 105-чакырымда болгон.

 

 Үч баллдык силкинүү Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда байкалган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча курмандыктар жана урандылар жок.