«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси, экс-депутат Чолпон Жакупова жана журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын Кыргызстандан эч кайда чыкпоо боюнча тыюу салынган тил катты жоюу боюнча сотко жазган арызы каралат. Маалым болгондой, сот отуруму 4-декабрга жылды.
Маалыматка караганда, прокурорлор жана судья Кымбат Архарова арыз менен таанышууга убакыт берүүнү суранышкан.
Нарын Айыптын билдирүүсүнө таянсак, президенттин ар-намысын коргоо иретинде Башкы прокуратуранын «Кактус» сайтына жана Чолпон Жакуповага койгон доо арызы боюнча биринчи инстанциядагы соттордун чечимине экс-депутат менен аталган журналисттер Жогорку сотко доо арыз жазышкан.
Жогорку соттун коллегиясынын жыйынын 30-ноябрда болот.
Эске салсак, журналисттер Нарын Айып, Дина Маслова жана экс-депутат Чолпон Жакуповага сот өлкөдөн эч кайда чыкпоо боюнча чечим кабыл алган.