Депутат Осмонбек Артыкбаев өкмөт өкүлдөрүнө суроолорго жакшы жооп бере албаганы үчүн нааразы болду.
«Сиздер өзүңүздөргө жаккан суроолорго гана жооп берип жатасыздар. Жакпагандарды кулактын сыртынан кетирип коюп жатасыңар», - деди депутат.
Парламент өкмөт өкүлдөрүнөн өлкөдөгү бала бакча жана мектеп маселелери боюнча маалымат алышты.
Осмонбек Артыкбаев планга эчак киргизилген бала бакчалар менен мектептер ушул убакка чейин эмнеге курулбай жатканына кызыкты. Бирок, жарытылуу жооп болбоду эле, депутат ачууланды:
«Мен конкреттүү имаратты качан курулат деп сурап жатам. Так жооп берүүнүн ордуна кайра эле тизмени айтасыңар да. Ыңгалуу суроолорго гана жооп берип, калганына унчукпай кутуп кетүү болбойт», - деди депутат.
Атка минерлер депутаттардын айрым суроолоруна так жооп бере алышпай, «сизге кат жүзүндө жооп берем, тактайын» деген сыякуу кайпактаган актанууларын айтып жатышты.