Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптеши Аида Салянованын инисинин өлүмү тууралуу маалыматтар ачыкка чыкпай атканын билдирди.
«6-ноябрда экс-башкы прокурор, учурдагы биздин кесиптешибиз Аида Салянованын инисин белгисиз адамдар өз үйүндө атып кетишти. Үйдө эч нерсе жоголгон эмес, демек, бул карактоо максатында болбогон. Бүгүн 16-ноябрь, арадан он күн өттү, бирок кылмыштын бети ачыла элек. ИИМ бул киши өлтүрүүнүн саясатка тиешеси жок деп чыкты. Мындай шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырам. Аида Салянова башпрокурор болуп турган учурунда коррупция менен күрөшкөн, бир катар чоң кылмыштардын бетин ачкан», - деген депутат спикер Дастан Жумабековдон бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранды.
«Адам өмүрү баалуу. Бул иштин ачылышын жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранат элем», - деди депутат.
Депутат Айсулуу Мамашова да кесиптешин колдоп, «башка кылмыштар заматта ачылып, Салянованын киши колдуу болгон инисинин ишине келгенде жыйынтык чыкпай атканына» таңыркады.
«Бул тууралуу эч кандай маалымат жок, «Кармоо» планы да жок. Резонанстуу ишке көңүл кош болуп жатышкандары таң калыштуу. ИИМ бул ишти саясатка тиешеси жок деп шашылыш жыйынтык чыгарбасын» - деп белгиледи Мамашова.