Бүгүн, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде эл ташып бараткан троллейбус менен маршрутка кагышты.

 

Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 7-троллейбус менен 145-маршрутка кагышып кеткен. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кырсыктан жапа тарткандар жок.

 

Көбөлүрдүн айтымында, жол кырсыгынан маршрутканын айдоочусу күнөөлүү, ал троллейбустан өтөм деп капталына сокку жеген. Алар өз кезегинде патрулдук милиция чакырышкан.