Кыргызстанда 10-ноябрга карата 1,5 миллион тоннага жакын картошка жыйналып алынды.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, эң көп түшүм Ысык –Көл облусунда чогултулган. Ал жакта жалпы көрсөткүч 502 миң тоннаны түздү. Таласта 235,2 миң тонна жыйналса, эң аз түшүм Баткенге таандык, аталган аймакта 37 миң тонна картошка казылып алынды.
Андан тышкары 1 млн 760 миң тонна эгин жыйналды. Анын 665 миң тоннасы буудай, бул 2016-жылга салыштырмалуу 27,7 миң тоннага аз.
Ал эми кант кызылчасы бул жылы 647 миң тоннага жетти, бул 2016-жылга салыштырмалуу 178,5 миң тоннага көп.