Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде экинчи окууда талкууланат.
Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев тарабынан сунушталды.
Депутат өлкөдө майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрдүн көбөйүп кеткенинен улам, майрамдарды кыскартып, 5-май - Конституция күнүн, 23-февраль - Ата Мекенди коргоо жана 7-ноябрь - Улуу Октябрь революциясын белгилөөнү жоюуну демилгелеген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда расмий 13 майрам бар, ага байланыштуу жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат.