Парламент жыйынында депутат Карамат Орозова билим жаатындагы маселеге токтолду.
Айтымында, Баткен облусунун түзүлгөнүнө 17 жылдын жүзү болду. Облус түзүлүшү менен ачылган Баткен мамлекеттик университети бала бакчанын имаратына жайгашкан.
«Эми аталган университетке деп бөлүнгөн жерге имарат курууга тендер өткөрүлүп, курулушу башталды. Бирок, окуу жайдын курулушуна Баткендеги аэропорттун жетекчилиги каршы чыгууда. Ички иштер башкармалыгынын имараты дагы аэропортко жакын жерде ачылганда ага каршылык болгон эмес. Эми 360 метр алыстыктагы БатМУга имарат салууга эмнегедир каршы болуп жатат”,- деди депутат.