Кыргызстан кырсыктанга айлана баштады.
Мындай пикирин парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.
«Премьер-министр Сапар Исаков өкмөт башчылык биринчи ишин жол кырсыктар маселесинен баштаган. ИИМ бир нече жолу реформа кылды. Бирок, жыйынтыгы жок. Ага далил – жол кырсыктарынын токтобой эле күчөп атышы», - деген депутат өлкөдө беш күндүн ичинде жол кырсыгынан отуз адам каза тапканын белгиледи.
«5-ноябрда 5 адам, 6-ноябрда 14 адам, 8-ноябрда 4 адам, а бүгүн эртеӊ менен Токмокто дагы бир адам жол кырсыгынан көз жумду. Бул эмне деген көрсөткүч. Беш күндө отуз адам каза болуп, Кыргызстан кырсыкстанга айландыбы? Кана, ИИМдин жасап аткан реформасы?! Патрулдук кызматты жол кырсыктары азаят деп түптөдү эле, канна жыйынтыгы? Патрулдар жоллу айланып жүрө турган топ, а бизде дарактардын түбүндө байланып турушат. Жоопкерчилик кимде? Согуш болуп аткан Сирияда дагы мынчалык адам өлбөйт болуш керек. ИИМдин реформасына ичим жылыбай жатат, ИИМ ОПГ менен күрөшүп атабы, же ОПГ ИИМ менен күрөшүп атабы? Коопсуз шаар калып эле, жоопсуз шаарга айланып калдык», - деди депутат.