Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Талантбек Масабиров жол кырсыктарынын көбөйүп атканын айтып, ага айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциянын күчөгөнүн күнөөлөдү.
«Биз союз убагында айдоочулук күбөлүк алаарда сынакты кантип тапшырам, кантип өтөм деп коркуп, күнү-түнү окуп үйрөнчү элек. А азыр акчаны беришет да, алышат. Мунун баары жол кырсыктарынын көбөйүшүн шарттап жатат», - деди депутат.
Айтымында, ал алыс сапарларга жүргүнчү ташыган айдоочулар менен сүйлөшкөн.
«Алар энергетикалык суусундуктарды ичип алышып, эки-үч күн укташпай, автоунаа айдашат экен. Энергетикалык суусундуктардын зыян экенин роликтер аркылуу жеткирбейлиби. Айдоочулар, кайда шашасыӊар? Силер, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн алып баратасыӊар», - деди Масабиров.