Депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Касмалиева жана Жанар Акаевдер жакында Россия жергесинде болушуп, ал жакта иштеп, жашап жаткан кыргыз мигранттарынын ал-акыбалы менен таанышып кайтышты.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

 

Айтымында, алар жакында кыргыз мигранттарынын маселеси камтылган мыйзамдолбоорун сунушташат, бирок, мыйзамсыз эле чечилчү дагы беш маселе бар.

 

«Кыргыз мигранттары пенсияга чыгыш үчүн, пособие алыш үчүн Кыргызстанга кат жөнөтүшөт экен. Анын жообун үч айлап күтүшөт экен. А аларга ар бир күн кымбат. Бул жактагы тийиштүү кызматтагылар дароо тастыктама жөнөтүп коюушу кыйынбы? Ата-энелери Россияда иштеп жүргөн балдар эрезеге жеткенде паспорт ала албай кыйналышат. Алар биздин жаран да, бул кандай болууда?» - деди депутат.

 

Айтымында, Россиядагы кыргыз мигранттарын түйшөлткөн үчүнчү маселе кыргыз мигранттарынын балдарын Кыргызстандагы Жогорку окуу жайларына кабыл алуу кыйын. Ата-энеси менен чет жакта жүрүп, окуп келген балдар өз мекенине окууга тапшырууда кыйынчылыкка кептелишет.

 

«Кыргыз тарыхы, же адабияты сыяктуу предметтерден кошумча сынак коюп, калганын ОРТ менен ала берсе болбойбу?» - деди Иманалиев.

 

Ошондой эле депутаттын белгилешинче, Россияда атактуу консул бар, Олег Олегович аттуу. Бирок, атактуу консул болгону менен кыргыз мигранттарына бир тыйын пайдасы жок.

 

«Олег Олегович мигранттардын катына жооп бербейт экен, кабыл албайт экен, анда анын бизге атактуулугунун эмне кереги бар? Атактуу консул кылып мигранттардын акыбалын билген, аларга жардам кыла алган адамды дайындайлы», - деп сунуштады депутат.