Кыргыз-казак чегара маселеси чечилгени айтылууда. Бирок, чегаранын канча бир убакытка жабык турганы айрым дыйкандардын чөнтөгүнө эбегейсиз зыян алып келди.
Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.
«Чегара маселеси чечилгенин телевизордон угуп сүйүнүп атабыз. Андан биздин дыйкандар да жабыр тартты. Ысык-Көл, Баткен өрүгүн, Ат-Башы картошкасын, Акы кайналысын сата албай кыйналышты. Чегаранын жабык турганын жабыркаган ишкерлерге мамлекет компенсация берет деп жатышат, а дыйкандарды ким каржылайт?» - деди депутат.