Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акүй алдында турган митингчилерге чыгып жолугуу сунушун киргизишти. Бирок, эл өкүлдөрү сыртка чыгууга бел байлай электе, эртең "Парк отелде" талкуу болоору белгилүү болду.

 

Маалыматка караганда, эртең, 9-ноябрда, «Парк отель" мейманканасында  талкуу уюштурулат. Ага депутаттар, жарандык активисттер, эларалык уюмдар жана журналисттер катышышат.

 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке Суу ресурстары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдолбоору сунушталган. Ал мыйзамдолбоору «Кумтөрдөгү» мөңгүлөрдүн алдынан алтын казууга уруксат берет. Ошондуктан, мөңгүлөрдү сактап калуу максатында мыйзамдолбоорго каршы чыккан жарандык активисттер бүгүн Акүй алдында митинг өткөрүштү.