Башкы прокуратура президенттикке талапкер, Парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда Кара-Суу районунун Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзү боюнча күтүлүп-күтүлбөгөн кылмыш ишин козгоду (Кылмыш Кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренесинин биринчи бөлүгү (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу). Биз билгенден Бабанов азыр Кыргызстанда эмес, Москвада ден соолугун чыңдап жүрөт. Ошондуктан ал өзү өзүнө карата кылмыш ишинин козголушу боюнча билдирүү таратты. “Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясий кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүмбилемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди. Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат...”,- дейт ал. Балким, бул бийликтин канткен менен жеңилсе да негизги оппозиционер катары кала бере турган саясатчыны Кыргызстанга келбесин деген ишаарасыдыр...
Булак: “Майдан. kg”гезити