Чоң Чүй каналына жеңил автоунаа кулап, анын кесепетинен эки адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 21:00дө аталган каналга автоунаа кулап кеткени тууралуу куткаруучуларга кабар жеткен. Куткаруучулар автоунаадан 42 жаштагы айдоочунун жана анын 6 жаштагы уулунун жансыз денесин алып чыгышкан. Алар окуя болгон жерде каза табышкан.
«Куткаруучулар келгенге чейин автоунаадагы дагы үч адам өз алдынча чыгышкан. Айдоочунун жубайы, 18 жаштагы уулу жана 15 жаштагы кызы аман калышкан», - деп билдирет ӨКМ.